Соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, соңку суткада Бишкек шаарында 2, Талас облусунда 2 адам коронавирус илдетинен көз жумган.
Муну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1203 адамга жетти.