85 адамдан турган Конституциялык кеңешме Илимдер академиясына жайгашты

85 адамдан турган Конституциялык кеңешме Илимдер академиясына жайгашты

Конституциялык кеңешменин жалпы 85 мүчөсү бар. Бул тууралуу аталган кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. 

Бүгүн, 20-ноябрда Илимдер Академиясынын имаратында  Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны өтүүдө.  Анын башталышында анын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев Конституциялык кеңешменин функциялары, анын курамы, иштөө тартиби тууралуу кыскача маалымат берди. 

“Конституциялык кеңешменин макамына токтолсок,  бул – Президентин алдындагы коомдук консультативдик орган. Негизги милдети жаңы Конституциянын долбоорун талкуулап бирдиктүү пикирге келүү. Курамы жалпы 85 кишиден турат. Алардын 28и мамлекеттик кызматтагы адамдар, депутаттар ж.б. түзүмдөрдө иштегендер. Ошондой эле 35 илимпоз бар, алар илимдин докторлору, докторлукка талапкерлер. Анын ичинде 11 юридика илимдеринин доктору, 7 юридика илимдеринин кандидаттары жана экономика илимин изилдегендер, тилчилер бар. Биздин кеңешмеде жалпы 5 академик бар. Мындан сырткары коомчулуктан 26 киши келип, алар менен толукталдык”, — деди Бөрүбашев. 

Ошондой эле ал Конституциялык кеңешме Илимдер академиясынын имаратына жайгашып, 8 сааттык график менен иштей тургандыгын кошумчалады.

“Бул биринчи эле жыйыныбыз. Мында алгач уюштуруу иштери каралат. Чогулуштар, отурумдар ушул жерде өтөт. Азыр кабинеттер, тийиштүү техникалар бөлүнүп берилет. Ошондой эле чай, кофе менен камсыздоо болот, түшкү тамак да бар, андыктан иштешибиз керек”, — дейт кеңешменин төрагасы. 

Мындан сырткары ал Конституциялык кеңешме ишти эртерээк илгерилетүү үчүн майда бөлүмдөргө бөлүнүп, 3 багытта иш алып бара турганын айтты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>