Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн 6 айга чейин экспорттоого тыюу салынды

Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн 6 айга чейин экспорттоого тыюу салынды

Айыл-чарба товарларынын айрым түрлөрүн үчүнчү өлкөлөргө чыгарууга тыюу салуу боюнча Өкмөттүн атайын токтому кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим азык-түлүктүн жетишсиздигине жол бербөө жана өлкө калкынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган. Бирорк бул тыюу салуу ЕАЭБге кирген өлкөлөргө тиешелүү эмес.

Белгилей кетсек, аталган чечим өлкөдө болуп жаткан эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алынган.

Чечимге ылайык, көрсөтүлгөн тыюу салуу алты айлык мөөнөткө киргизилет жана реэкспорттук, транзиттик, ошондой эле гуманитардык продукцияларга жайылтылбайт.
 
Аталган тыюу салуу ири жана майда мал-жандыктарга, үй канаттууларына, дан эгиндерине, кумшекерге жана башка айыл чарба продукцияларына тиешелүү.

Өкмөттүн токтому ушул жылдын 19-ноябрында күчүнө кирди, бул жерден толук тааныша аласыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>