«Эми мен оорумдун диагнозун билем» — дейт ооруканада жаткан Ташиев

«Эми мен оорумдун диагнозун билем» — дейт ооруканада жаткан Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканада дарыланууда. Ал абалы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Урматтуу Кыргыз калкым!

Эч кимге айтпай 3 кун ооруканада жаткандан кийин билип калдыңар, миңдеген адамдар дуба кылышып, каалоолорун айтышты, мен көпчүлүгүнө жооп бере албадым, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдиремин, ырахмат айтамын.

Эми өзүмдүн диагнозумду билемин, менин өмүрүм Кыргыз элимдики, эми мындан да каттуураак иштеймин, үлгүрүш керек…», — деп жазган ал.

26-ноябрда Ташиев ооруканага түшкөнү тууралуу “Репортёрго” УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тастыктаган

“Ал кишинин ден соолугуна байланыштуу ооруканада жатканы чын. Абалы канааттандырарлык, тынчсызданууга негиз жок”, – деген Сулайманов.

Бирок эмнеси ооруп, ооруканада жатканы тууралуу маалымат берүүдөн баш тарткан болчу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>