Бишкектеги «Достук» мейманканасында конституциялык реформанын тегерегиндеги маселелер боюнча талкуу өтүүдө.
Анда «Комитет 93» кыймылы Кыргызстанда 1993-жылы кабыл алынган биринчи Конституцияны калыбына келтирип, кайра күчүнө киргизүүнү сунуштоодо.
Бул жыйынга келген саясатчы, коомдук ишмерлер аталган Конституцияга кайтуу боюнча ой-пикирлери менен бөлүшүүдө.