Бишкекте аял кишинин баштыгын тартып алып, андагы 94 миң 500 сомду алып качкан адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы кабарлайт.
Маалыматка караганда, окуя 27-ноябрь күнү Бишкектин 6-кичи районунда болгон.
Ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 32 жаштагы адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.