8-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40;
Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 35…40;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 29…34;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 38…40°.