Түтүн. Бишкек ЖЭБи абанын 10-15% гана булгайт

Түтүн. Бишкек ЖЭБи абанын 10-15% гана булгайт

Бишкек ЖЭБи абанын 10-15% гана булгайт. Бул тууралуу Улуттук энергетикалык холдинг башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев билдирди.

«Баардыгы Бишкек ЖЭБи абаны булгайт деп ойлошот, бирок сапаттуу чыпкалар бар. Расмий корутунду бар, ага ылайык жылуулук электр борборлорунун булганышы анчалык деле чоң эмес — 10-15%», — деди Бердиев.

Белгилей кетсек, Бишкек абанын сапаты боюнча дүйнөдөгү эң кир шаар деп таанылган. Мындай абанын булганышында беткап кийип көчөгө чыгуу, үйдө аба тазалагычты колдонуу жана бардык терезелерди жабуу сунушталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>