Жол сүргөн унаа ала салып, айдоочусу көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 25-декабрь күнү саат 03:30дар чамасында Чон-Алай районунда болгон. Анда Чон-Алай айыл аймагынын Дароот-Коргон-Жаш-Тилек ички чарбалык унаа жолунун 12-чакырымында Жүктөгүч (погрузчик) унаанын 54 жаштагы айдоочусу рулга ээ боло албай, унаадан секирип түшүп, каза болгон.
Окуя болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары тартылып, жансыз денени чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.