Туризм департаментинин директору болуп Самат Шатманов дайындалганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.
Департамент директору бир эле учурда министрдин орун басары милдетин дагы аткарат.
Буга чейинки Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу август айында кызматтан кеткен.