Президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 92 чет элдик журналист катталды

Президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 92 чет элдик журналист катталды

Президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 92 чет элдик журналист аккредитациядан өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда 10-январда өтө турган  Президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын 92 өкүлү Тышкы иштер министрлигинде аккредитациядан өттү.

“Россиядан 33 журналист, Япониядан – 5, Улуу Британиядан – 14, АКШдан – 1, Франциядан – 5, Катардан – 4, Германиядан – 19, Украинадан – 1, Тажикстандан – 2, Белоруссиядан – 4, Азербайжандан – 4 ЖМК өкүлдөрү каттоодон өттү”, — деп билдиришти БШКдан.

Аккредитациядан өткөн журналисттердин тизмесин бул шилтеме аркылуу көрсөңүз болот. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>