Тилекбек Матраимовго 220 миң сом айып пул салынды

Тилекбек Матраимовго 220 миң сом айып пул салынды

Тилек Матраимовго чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө козголгон кылмышы үчүн Ош шаардык соту ага 220 миң сом айып салган.

Матраимовго карата өкүм өткөн жылдын 22-октябрында чыккан. Бул маалыматты Reporter.kg’ге Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

«Үй камагына алынган Матраимовдун баш коргоо чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды, бул өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы соттун чечими менен жокко чыгарылды.

Матраимовду туугандары жана жеке күзөтчүсү менен кошо 6-октябрда Өзбекстандын чек арачысы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп баратканда кармашкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө органдары тарабынан 9-октябрда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган», — деп жазылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренеси — Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, IV категориядагы түзөтүү иштери эки жыл алты айдан үч жылга чейин же V категориядагы 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айып пул салынат же I категория боюнча 2 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>