Дайынсыз болуп жаткан Эркин Каипбердиев изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылынын 34 жаштагы тургуну Каипбердиев Эркин Нуралиевич 2020-жылдын 20-декабрь күнү саат 14:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 см, өңү ак-сары жүздүү, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Күрөң баш кийим, кара куртка кийип жүргөн.
Эркин Каипбердиевди көргөн — билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну жакындары жана милиция кызматкерлери өтүнөт.
Тел: 102,
(03722) 5-28-31,
(03722) 7-03-44,
0777 79 23 63,
0773 00 08 02.