Аскерлерге бериле турган азык-түлүктүн ченеми көбөйтүлдү

Аскерлерге бериле турган азык-түлүктүн ченеми көбөйтүлдү

Аскер кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ченеми жогорулатылды. Бул өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кабыл алынган чечимге жараша паектун бардык түрү жогорулатылган, анын ичинде жалпы аскердик паек, дарылануу паегу, жалпы аскердик кургак паек, бийик тоодогу кургак паек, түнкү паек жана учкучтук паек жогорулатылган.

Анда аскерлердин рационуна колбаса азыктары, сыр, коюлтулган сүт, жумуртка жана жемиштер сыяктуу кошумча азык-түлүктөр киргизилген.
Аталган токтом үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>