Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Өзбекстанда окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Ангрен шаарында (Өзбекстан) окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө. Машыгуулар 8- мартта старт алган жана 25-мартка чейин уланат.
Окуу-машыгуу жыйынга катышкан спортчулардын тизмеси:
- Нурмухамед Абдуллаев, СЧ, салмак категориясы 55 кг;
- Калы Сулайманов, ЭДСЧ, 60;
- Куттубек Абдыкерим уулу, СЧ, 60 кг;
- Урмат Аматов, ЭДСЧ, 63 кг;
- Марлен Асыкеев, СЧ, 67;
- Амантур Исмаилов, ЭДСЧ, 67;
- Руслан Царев, ЭДСЧ, 72 кг;
- Акжол Махмудов, ЭДСЧ, 77;
- Кайрат Туголбаев, СЧ, 77;
- Акылбек Талантбеков, СЧ, 77 кг;
- Калидин Асыкеев, СЧ, 82;
- Атабек Азисбеков, ЭДСЧ, 87 кг;
- Азат Салидинов, СЧ, 87;
- Узур Жузупбеков, ЭДСЧ, 97;
- Бексултан Махмудов, СЧ, 97кг;
- Роман Ким, СЧ, 130;
Балбандар улук машыктыруучулар Арсен Эралиев, Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин коштосунда кетишкен.