Аба ыраынын катаал шартынан Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон казакстандык альпинисттерди издөө кыйын болууда. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн “Хабар” агенттиги жазды.
Учурда издөө иштерине тартылган МИ-171 тик учагы жана аскер альпинисттери Ысык-Көлдөгү “Каркыра” альпинисттик лагеринде турушат. Алар аба-ырайынын оор шартынан улам издөө иштерин жүргүзө албай жатканы айтылат.
Куткаруучулар тобуна белгилүү альпинист Максат Жумаев жетекчилик кылууда.
Белгилей кетсек, альпинисттер Александр Чечулин , Мурат Отепбаев жана Андрей Корнеевди 18-августтан бери дайынсыз болууда. Алардын бири деми кыстыгып каза болгон. Ал эми эки адам жардам сурап кайрылган бойдон дайынсыз.