Бишкектин Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрт бир суткадан кийин толук өчүрүлдү . Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Өрттүн кесепетинен “Строй Снаб”, “Ди Кей Эй Трейдинг” ишканасына жана “БЭКО” фирмасына караштуу үй-тиричилик буюмдары күйүп кеткен. Ошондой эле эки адам түтүнгө ууланып ооруканаг жеткирилген.
21-август күнү саат 11:21де чыккан өрт, түштөн кийин чектөөгө алынып, бүгүн саат 12:05те толук өчүрүлгөн.