Бүгүн, 23-августта саясатчы Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке экинчи ирет суракка кирип кетти.
Ал 20-августта УКМКга сурак берип чыккан. Анда сурак Он-Адырдагы маселе боюнча жүргүзүлгөнүн айтып, тергөөчүлөр ага сый-урмат менен мамиле кылганын билдирген.
Белгилей кетсек, Бабанов 21-августта дагы экинчи ирет Финполго “Кыргызстан” банкынын айланасындагы иштер боюнча сурак берип чыккан.