Ош облусунда баңгизаттарды жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунан баңгизаттарды өткөрүүгө шектүү катары кыргыз жарандары Н.С.И., И.И.Х. жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору С.Б.Ж. кармалды.
Кылмыштуу топ, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында алар узак убакыттан бери баңгизаттарды өзгөчө ири көлөмдө сатуу менен алектенип жүрүшкөндүгү аныкталган. Жүргүзүлгөн тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында жалпы салмагы 550 граммдан ашык гашиш жана 100 граммга жакын героин баңгизаттары кармалгандардан алынган.
Кармалгандар УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат.