Көкбөрү боюнча президенттин кубогунда биринчи лигада 3-орунду “Алкан-Ата” командасы алды. Бүгүн, 30-августта үчүнчү орун үчүн болгон оюнда Таластын “Алкан-Ата” командасы Баткендин “Жаш-Күч” командасын 5:4 эсебинде жеңди.
Мелдеш Чолпо-Ата шаарындагы «Ак-Кула» ат майданында өтүп жатат. Алдыда жогорку лиганын “Сары-Өзөн” жана “Кара-Буура” командалары коло медал үчүн күч сынашат. Ал эми 31-августта биринчи лиганын “Бакубат Талас” жана “Ак-Суу” командалары жана жогорку лиганын “Ынтымак” жана “Достук” командалары биринич орун үчүн беттешет.
26-августта башталган ат оюндары 31-августта жыйынтыкталат.