Кыргыз Өкмөтүнүн аппараты бир күндүк эмгек акыларын кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам катары беришет. Бул тууралуу Өкмөттүн сайтында маалымдалат.
«Жергиликтүү калкка олуттуу материалдык зыян гана келтирбестен, адамдардын өлүмүнө алып келген окуялар болду. Буга байланыштуу Өкмөттүн аппаратындагы кызматкерлердин бир күндүк эмгек акыларын которуу чечими кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, борбордук мэриянын кызматкерлери дагы бир күндүк эмгек акыларын которушат.