Кыргызстандыктар үчүн 10-май иш күнү болуп саналат. Мындай билдирүүнү өкмөт таркатты.
Буга чейин 9-май жекшембиге туш келгендиктен, 10-май кэс алуу күнү болот деп жарыяланган. Бул ирет кыргызстандыктар 10-майдын эсебинен 30-августта — Эгемендик майрамынын алдында эс алышат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда майрам жекшембиге туш келсе, анын эртеси эс алуу күнү жарыяланат.