Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Насыр Мусаев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арызын жазды. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
Анын мандатын тапшыруу боюнча арызы эртең, 6-сентябрда БШКда каралат.
Насыр Мусаев 2018-жылы каза болгон депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келген. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу бир жылдан ашык жыйынга келген эмес. 2019-жылы “Кыргызстан” фракциясы аны мандатынан ажыратуу боюнча маселе көтөргөн.
«Кыргызстан» партиясынын тизмеси боюнча анын ордуна Бектен Сыдыгалиев келет.