Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыповдун кызматтан бошотулгандыгы боюнча Өкмөт расмий билдирүү тартты.
Маалыматка ылайык, Кайыпов кызматтан кетүү тууралуу арызды өзү жазган. Тиешелүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Белгилей кетсек, Аманбай Кайыповдун кызматтан алынгандыгы эки күн мурун эле белгилүү болгон.