Москвада Кыргызстандын жараны «Коломенская» метро станциясынын ажатканасында баласын төрөп, наристени унитазга таштап кеткен. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган окуя 19-сентябрда болгон. Кыргыз жараны төрөтканага барып, дарыгерлерге баласын унитазга таштап койгонун билдирген. Наристе ооруканага жеткирилген. Учурда баланын абалы тууралуу маалымат айтыла электиги жазылган.