Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусунда болот.
Президенттик аппаратттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, ал Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат.
Мындан тышкары Президент экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат.