Түштүк Африкалык Зозибини Тунзи «Аалам сулуусу — 2019» сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Зозибини Тунзи 26 жашта. Ал ушул эле жылы «Түштүк Африка сулуусу» наамына ээ болгон.
The new #MissUniverse2019 is… SOUTH AFRICA!!!! ?? pic.twitter.com/gRW8vcuT3A
— Miss Universe (@MissUniverse) 9 декабря 2019 г.
Экинчи орунду 24 жаштагы Пуэрто-Риколук Мэдисон Андерсон үчүнчүнү Мексика өлкөсүнүн сулуусу 25-жаштагы София Арагон ээлеген.
Аталган сынак быйыл АКШнын Атланта шаарында өттү. Ага ар кайсы өлкөлөрдөн 79 сулуу катышты.
Эске салсак, “Аалам сулуусу” сынагы 1952-жылдан тарта өткөрүлүп келет.