Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, эртең 8-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18,
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз +12…+17,
Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5 күндүз +14…+19
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,
Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -1…-6,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1 градус, күндүз +15…+17 градус болот.