•  +(996) 557 67 66 40
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРКООМ

Аба ырайы жакынкы үч күндө кескин төмөндөйт

23-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.  Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-26-декабрда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° суук, Чүй облусунун түндүгүндө -7…-12°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -4…-9° суук,  күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде  түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, Ат-Башы районунда түнкүсүн -24…-29°, күндүз -12…-17°, тоолуу райондордо  түнкүсүн  -15…-20°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат. Электр зымдарга суу кар жабышып, алардын үзүлүү коркунучун алып келет.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *