Абайла сүрөт! Чүй облусунда колу жок адамдын сөөгү табылды

Абайла сүрөт! Чүй облусунда колу жок адамдын сөөгү табылды

Чүй облусунда адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 21-ноябрында саат 08:30 чамасында Ленин айыл өкмөтүнө караштуу талаадан айланма жолдон 200 метрдей алыстыкта ​​азиат түспөлүндөгү 35-40 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылган.

Учурда табылган өлүктүн өздүгү тактала элек, буга байланыштуу Аламүдүн райондук милициясы бул адам тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар облустун ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылуусун суранат: 0312 43 01 27, 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 0550 34 33 63, 0504 77 22 77.

Белгилери: бою 170-175 см, орто дене түзүлүштө, кыска кара чачтуу, муруну түз, эриндери толгон, бети сүйрү.

Кийген кийимдери: кара күрмө, кочкул көк куртка, кара спорттук шым, кочкул көк түстөгү шым, галош жана бутунда кара маасы.

Өзгөчө белгилери: оң колу чыканактан ылдый жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>