Абактагы Мелис Аспеков жеке менчик клиникада текшерүүдөн өтөт

№1 Тергөө абагында кармалып жаткан активист Мелис Аспековдун саламаттыгы начар. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдады. Маалыматта анын жүрөгү ооруп жатканы айтылат. Аспеков 21-декабрда «Бикард» жеке менчик клиникасында текшерүүдөн өтөт. Эскерте кетсек, активист сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (калайман башамалдыктарды уштурууга даярдык көрүү) боюнча шектелип кармалган.  Мелис Аспеков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. … Читать далее Абактагы Мелис Аспеков жеке менчик клиникада текшерүүдөн өтөт