Абактагы Мелис Аспеков жеке менчик клиникада текшерүүдөн өтөт

Абактагы Мелис Аспеков жеке менчик клиникада текшерүүдөн өтөт

№1 Тергөө абагында кармалып жаткан активист Мелис Аспековдун саламаттыгы начар. Бул тууралуу Акыйкатчы институту маалымдады.

Маалыматта анын жүрөгү ооруп жатканы айтылат. Аспеков 21-декабрда «Бикард» жеке менчик клиникасында текшерүүдөн өтөт.

Эскерте кетсек, активист сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (калайман башамалдыктарды уштурууга даярдык көрүү) боюнча шектелип кармалган. 

Мелис Аспеков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон.

2021-жылы январь айында Аспеков «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашковдон 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалган. 2022-жылы ал Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 7 жылга соттолгон. Кийинчерээк Бишкек шаардык сот аталган өкүмдү өзгөртүп, Аспековду 6 жылга эркинен ажыраткан.

Аспеков быйыл 23-майда Садыр Жапаровдун ырайым берүү тууралуу жарлыгына ылайык абактан чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>