Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи кварталында жеке адамдардын акча которууларынын жалпы суммасы 343 миллион долларды түздү. Бул былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 19% аз.
«Мигранттардан которулган акчанын азайышы өлкөдөгү жалпы суроо-талапка таасирин тийгизет жана калктын керектөө көрсөткүчүнүн жайлашын шарттайт», — деди Абдыгулов.
Ошону менен катар Кыргызстанда ишкердиктин активдүүлүгү төмөндөп, январь-апрель айларында ички дүң өнүм 3,8% кыскарганы айтылды.