Абдылдаев: Өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгын депуттар колдобосо деле 3 күн күчүндө болот

Абдылдаев: Өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгын депуттар колдобосо деле 3 күн күчүндө болот

Өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгын депуттар колдобосо деле 3 күн күчүндө болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Мыктыбек Абдылдаев билдирди. 

“Негизи өзгөчө абал тууралуу жарлык кол коюлгандан тарта эле күчүнө кирет. Ал жарыяланганда депуттар бир күндүн ичинде өздөрү эле чогулуп эле карашы керек. Эгер 3 күндүн ичинде депуттар колдоп же каршы болушпаса ал үч күндөн кийин күчүн жоготот. Бирок ушул 3 күчүндө президенттин өзгөчө абал тууралуу жарлыгы кадимкидей иштей берет”, — деди Абдылдаев. 

Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтмөк. Саат 16:00гө белгиленген отурум арадан бир жарым саат өтсө деле башталбай жатат. Анын себебин Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Мыктыбек Абдылдаев кворум жоктугу менен түшүндүрдү.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>