Администрация: Президенттик шайлоого чейин мэрлер жана министрлер иштен алынбайт

24.09.2025 | 10:22

Кечээ социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кызматтан алынды деген маалыматтар тарады. Бул боюнча президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов расмий түшүндүрмө берип, маалыматты төгүндөдү.

Анын айтымында, президенттик шайлоо өткөнгө чейин ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары өз кызмат ордуларын сактап калышат.

«Ири шаарлардын жетекчилери, министрлер жана башка кызмат адамдары президенттик шайлоо өткөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантышат. Алардын ишинде олуттуу кемчиликтер же мыйзам бузуулар аныкталса гана өзгөчө учур болушу мүмкүн», — деди Алагозов.

Ал ошондой эле учурда эч кандай кадрдык өзгөрүүлөр, анын ичинде кызматтан кетүүлөр же дайындоолор пландалбаганын белгиледи. Бул чара шайлоо алдында туруктуулукту жана мамлекеттик башкаруунун ырааттуулугун камсыздоого багытталганын кошумчалады.

«Жарандарды, ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды жана ар кандай ушактарды жайылтуудан карманууга чакырам», — деп кошумчалады президенттин маалымат катчысы.

Scroll to Top