Адылбек Касымалиев АӨБдүн аймактык мекемесинин жетекчиси Лея Гутиеррес менен жолукту

11.09.2025 | 15:14

10-сентябрда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азия департаментинин башкы директору Лея Гутиеррес менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Адылбек Касымалиев Лея Гутиеррести жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, АӨБгө Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле өкмөт башчы Кыргызстандагы экономикалык өсүүнүн көрсөткүчтөрү, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Камбарата ГЭС-1, Барскоон – Бедел автожолун куруу долбоорлору, ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын негизги багыттары тууралуу айтып берген.

Өз кезегинде Лея Гутиеррес 30 жылдык биргелешкен өнөктөштүк учурунда АӨБ ар кандай тармактарда ири көлөмдөгү долбоорлорду ишке ашырганын белгилеп өткөн.

“Биз Кыргызстандын өнөктөшү болгонубузга сыймыктанабыз жана сиздердин өлкөнүн экономикасынын негизги тармактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоого даярбыз”, – деген ал.

Scroll to Top