Адылбек Касымалиев менен Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян жолугушту

Министрлер кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Армения Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Адылбек Касымалиев Кыргызстан Армения менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеген.
Ал эки өлкө ортосунда саясий диалог түзүлүп, мамлекеттер аралык укуктук база түзүлгөнүн, келечекте бул кызматташтыкты дагы өнүктүрүүгө умтулуу керектигин билдирген. Ошондой эле Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-отуруму 2026-жылдын башында Бишкекте өтө турганын кошумчалган.
Өз кезегинде Ален Симонян Армения ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө умтула турганын айткан.
Ал эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттамдарды түзүүнүн, инновациялар жана технология тармагында кызматташуу потенциалын өнүктүрүүнүн, Кыргызстанда Армениянын маданият күндөрүн жана Арменияда Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилеген.