Адылбек Касымалиев Дубайда өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышууда

03.02.2026 | 12:38

Бүгүн, 3-февралда, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул саммит өкмөттөр, эл аралык уюмдар, эксперттер жана компаниялардын жетекчилеринин ортосунда билим алмашуу үчүн глобалдык аянтча болуп саналат. Иш-чарада мамлекеттик инновациялар жана кызматтар көрсөтүлөт.

Саммиттин алкагында Кыргызстан тарабынан “Кыргызстандын экономикалык өсүшүндөгү “Ак илбирс” модели: Өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу кошумча иш-чара уюштурулат. Анда катышуучуларга өкмөттүк акселераторлордун ишинин жыйынтыктары жана мамлекеттик институттарды өнүктүрүү стратегиясы сунушталат.

Мындан тышкары Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмираттарынын жогорку жетекчилиги, тармактык министрликтердин башчылары жана БАЭнин ири суверендүү фонддорунун жетекчилери менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда.

Сапардын жыйынтыгында каржы, инвестициялык жана технологиялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коют деп күтүлүүдө.

Scroll to Top