Адылбек Касымалиев Euronews башчысы менен жолугушту — эмнелер талкууланды
КР Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Euronews телеканалынын президенти Педро Варгас Давидди кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Маалыматка ылайык, тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүктү орнотуу жана эл аралык аянтчаларда Кыргызстан тууралуу маалыматтын таралышын кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.
Касымалиев глобалдык күн тартибин калыптандыруучу дүйнөлүк алдыңкы маалымат булактарынын бири катары Euronews телеканалынын маанисин белгилеп, Кыргызстан динамикалуу өнүгүү жолунда экенин, аймактагы позициясын бекемдөөгө жана эл аралык коомчулук менен ачык диалог курууга умтулуп жатканын баса белгиледи.
Кыргыз тарап негизги окуяларды, анын ичинде ШКУ саммитин жана 2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууга кызыкдар экендигин билдирди.
Ошондой эле, 2026-жыл өлкө үчүн маанилүү жыл болору — эгемендүүлүк алган күнгө 35 жыл толору белгиленди.
Өз кезегинде Euronews телеканалынын президенти кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экендигин жана телеканал республиканын жетишкендиктерин дүйнөлүк аудиторияга чагылдырууга даяр экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну өнүктүрүү ниетин ырасташты.