Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 23-25-июнь күндөрү Кытайдын Тяньцзинь шаарына иш сапары менен барат. Сапардын негизги максаты “Жаңы доордогу ишкердик” урааны астында өтүүчү “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуу.
Визиттин программасына КНРдин Мамлекеттик Советинин жетекчилиги жана чет елкелук делегациялардын башчылары менен жолугушуулар кирет. Форумга дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн жана аймактарынан 2000дей катышуучу келет.