Site icon Reporter.kg

Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос” форумуна катышуу үчүн Тяньцзинге барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 23-25-июнь күндөрү Кытайдын Тяньцзинь шаарына иш сапары менен барат. Сапардын негизги максаты “Жаңы доордогу ишкердик” урааны астында өтүүчү “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышуу.

Визиттин программасына КНРдин Мамлекеттик Советинин жетекчилиги жана чет елкелук делегациялардын башчылары менен жолугушуулар кирет. Форумга дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн жана аймактарынан 2000дей катышуучу келет.

Exit mobile version