АФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтотту
Азия футбол конфедерациясы (АФК) 2031- жана 2035-жылдары Азия Кубогун өткөрүүгө талапкерлерден билдирмелерди кабыл алуу убактылуу токтотулганын расмий жарыялады. Бул чечим ФИФАнын сунушу менен эл аралык спорттук календардагы глобалдык өзгөрүүлөргө байланыштуу кабыл алынды.
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) бардык континенттик чемпионаттарды жуп жылдарга которуу демилгесин көтөрдү. Бул мелдештердин графигин оптималдаштырууга жана улуттук курама командалар менен клубдардын оюнчуларына түшкөн физикалык жүктөмдү азайтууга мүмкүндүк берет.
Реформанын натыйжасында Азия Кубокторун өткөрүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй өзгөртүлөт:
- 2031-жылкы турнир 2032-жылга жылдырылат;
- 2035-жылкы турнир 2036-жылга жылдырылат.
Бул процесс токтотулганга чейин 2031-жылкы биринчиликти өткөрүүгө негизги талапкерлердин бири катары Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан турган аймактык блок чыккан. Үч өлкө оюндарды жана уюштуруу чыгымдарын өз ара бөлүштүрүүнү пландап, биргелешкен билдирме беришкен болчу. Учурда бул процесс тоңдурулду.
ФИФАнын жана АФКнын эксперти Алишер Никимбаев түшүндүргөндөй, учурдагы тыныгуу техникалык мүнөзгө ээ. Талапкер өлкөлөрдөн билдирмелерди кабыл алуу эл аралык мелдештердин жаңыланган календары расмий түрдө бекитилгенден кийин кайрадан башталат. Ошентип, Борбордук Азия өлкөлөрү турнирди өткөрүүгө талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн сактап калышат, бирок эми жаңы мөөнөттөргө ылайык арыз беришет.