Агартуу министрлиги менен ИСЕСКО билим берүү тармагын талкуулады

Агартуу министрлиги менен ИСЕСКО билим берүү тармагын талкуулады

20-майда Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен Ислам дүйнөсүнүн билим, илим жана маданият уюмунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Министрликтин айтымында, бул уюм ИСЕСКОго мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты колдоо максатында билим берүүнү, илимди, маданиятты жана коммуникацияны өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү адистештирилген структура болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде STEAM аймактарын өнүктүрүү, билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүү, ошондой эле мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды талкуулашты.

“Катышуучулардын билим берүү чөйрөсүн модернизациялоого жана ИСЕСКОнун ар кандай уюмдарынын ортосунда мыкты тажрыйбаларды алмашууга багытталган долбоорлорун жана демилгелерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду”,-деп айтылат Агартуу министрлигинин билдирүүсүндө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>