Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын сиңдисине таянып «Азаттык» жазды.
Маалыматка карганда, Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 15-августта Салянованын баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган.
Белгилей кетсек, Аида Салянова 3-июнь күнү кечинде Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалып, 26-августка чейин Бишкектеги 1-тергөө абагына камалган. Абакта анын саламаттыгы кескин начарлап кеткен.