Аида Салянова 11 жыл мурун киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча үн катты

16.10.2025 | 09:50

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова 15-октябрда түз эфирге чыгып, 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеванын иши тууралуу комментарий берди. Ал бул иштин саясий мүнөзгө ээ экенин жана өзүнө карата каралоо болгонун билдирди.

Салянованын айтымында, ал учурда жүздөгөн адамдар суралган, алардын арасында анын агасы Калыбек Салянов да болгон. Маркум Камила анын ишине жумуш издеп баргандыктан, телефонунда анын номери сакталып калган. Милиция ошол байланыш аркылуу Саляновго чыккан.

«Мен ал кезде Башкы прокурор болчумун. Тергөөгө аралашкан эмесмин, ал көз карандысыз жүргөн. Бирок 2017-жылы, кыз каза болгондон үч жыл өткөн соң, агама каршы “тергөөгө тоскоолдук кылуу” беренеси менен иш козгошкон. Адам өлтүрүү беренеси менен иш козгой алышкан эмес, анткени далил болгон эмес», — деди Салянова.

Анын айтымында, “саунадагы видео өчүрүлгөн” деген айыптоо негизсиз болгон.

«Камила ал саунада эч качан болгон эмес. Бул иш мени жана үй-бүлөмдү каралоо үчүн колдонулган. Тергөөнүн мөөнөтү өтүп кеткенден кийин иш козголгону да анын саясий экенин далилдейт», — деп кошумчалады ал.

Аида Саляованын айтуусунда, агасы Калыбек Салянов коркутуулардан улам өлкөдөн чыгып, кийинчерээк АКШга кеткен. Бул иш ошол жакта да каралып, саясий өңүттө болгон деген чечим чыгарылган.

«Мен бул иш боюнча көп жылдан бери “чындык ачылсын” деп айтып келем. Бирок ал кезде саясат аралашып, чыныгы кылмышкерди издеп табышкан эмес», — деди мурдагы башкы прокурор.

Ошондой эле Салянова президент Садыр Жапаров Айсулуу Мукашеванын өлүмүн жеке көзөмөлүнө алганын белгилеп, «ушул сыяктуу иштерде чыныгы күнөөкөрлөр жазасын алышы керек» деген оюн билдирди.

Scroll to Top