Айбек Жунушалиев Көк-Жар айылындагы жер ээлери менен жолукту

Айбек Жунушалиев Көк-Жар айылындагы жер ээлери менен жолукту

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Көк-Жар айылынын №172 контурундагы жер ээлери менен жолугушту. Жолугушуу административдик-аймактык реформанын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселелерине арналды.

Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине 1479 арыз өткөрүлүп берилген. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө 137 объект 2021-жылдын 1-декабрына чейин курулганы аныкталган.

Мэр Октябрь районунун акимине аталган 137 объектке байланыштуу маселени тез арада жана мыйзам чегинде чечүүнү тапшырды.

Ошондой эле бул аймактагы 18 гектар жер муниципалдык менчикке өткөн, жана бул жер тилкесине байланыштуу маселе мыйзамда белгиленген тартипте каралат.

Маалымат катары:2023-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин №370 ПЖ Указына ылайык, №172, 452, 544, 545, 552, 549, 551, 556, 558, 555 контурлар Аламүдүн районунан Бишкек шаарынын Октябр районуна өткөрүлүп берилген.

Бирок азыркыга чейин бул контурларда трансформация жүргүзүлө элек, жана жерлер айыл чарба багытында бойдон калууда. Бул участоктор Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына ылайык келбейт:

  • 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 «Жер жана укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамы;
  • 2022-жылдын 31-майындагы №291 Токтом – «Жерге мунапыс жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу».

Буга чейин Октябр райондук администрациясы жана Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу жана жер тилкелерин туура пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштеринин алкагында 8 көчмө жыйын өткөрүлгөн, анын ичинен 3ү атайын техникалар менен уюштурулган. Жалпысынан 200дөн ашык эскертүү берилген.

Тилекке каршы, айрым жер ээлери бул эскертүүлөргө кайдыгер мамиле жасап, жер тилкелерине уруксатсыз курулуштарды жүргүзүүнү улантууда. №172 контурдагы көптөгөн тилкелер багытына ылайык пайдаланылбай, архитектуралык-курулуш долбоору жана тиешелүү укук белгилөөчү документтери жок болуп, айыл чарба багытындагы жерлерге фундаменттер жана турак жайлар курулуп калган.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>