68 жаштагы жаран Бишкек шаарынын Төмөнкү Орок айылында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерди көрүстөн катары сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган айылдын тургуну М.Б. эч кандай уруксат кагаздары жок, өзүм билемдик менен айдоо жерге жеке көрүстөн уюштуруп, сатып жаткандыгы белгилүү болгон.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган жаран маркумду көмүүгө жай бөлүп берем деп 40 000 сом алып жаткан жеринен кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө жүрүп жатат.