16-майдан 20-майга чейин Бишкек— Нарын— Торугарт жолунун коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Бул туурасында “Кыргыз мемир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Кыргыз темир жолу” 16-майдан 20-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт.
Жумуштар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.