Site icon Reporter.kg

Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашуу менен Суусамырда кар жаап жатат

Чүй  облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр өрөөнүндө кар жаап жаткандыгына байланыштуу айдоочуларга кайрылды.

Мекеменин басма сөз кызматы таратканбилдирүүдө, Бишкек-Ош багыты аркылуу жолго чыга турган  айдоочулар жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруусу жана  керектүү шаймандарды жанына ала жүрүүсү жазылган.

Ошондой эле аталган мекеме  айдоочуларга автоунаа ылдамдыгын сактоону да эскертип өттү.

Exit mobile version