Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр өрөөнүндө кар жаап жаткандыгына байланыштуу айдоочуларга кайрылды.
Мекеменин басма сөз кызматы таратканбилдирүүдө, Бишкек-Ош багыты аркылуу жолго чыга турган айдоочулар жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруусу жана керектүү шаймандарды жанына ала жүрүүсү жазылган.
Ошондой эле аталган мекеме айдоочуларга автоунаа ылдамдыгын сактоону да эскертип өттү.